Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги «Консул маалымдайт» долбоорун ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүк көрсөткөн консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтар тууралуу жарандарды маалымдоону жогорулатуу максатында Элчилик тарабынан «Консул маалымдайт» долбоору ишке киргизилди.

Бул долбоор аркылуу жарандарга Элчиликтин расмий сайтында, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылуучу ар кандай консулдук маселелер боюнча түшүндүрмөлөр камтылган видеоматериалдар сунушталат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK