Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу Алмаз Букалаев Эл аралык миграция уюмунун Москвадагы бюросунун директору Абдусаттор Эсоев менен жолугушту

2021-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу Алмаз Букалаев Эл аралык миграция уюмунун (мындан ары ЭМУ) Москвадагы бюросунун директору Абдусаттор Эсоев менен жолугушту. Анын жүрүшүндө миграция жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына юридикалык консультация берүү максатында колл-борборду ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Элчилик менен ЭМУнун Бюросунун өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды, ошондой эле «Борбордук Азия - Россия Федерациясынын коридорунда коопсуз жана квалификациялуу миграцияга көмөктөшүү» аттуу долбоордун Концепциясын иштеп чыгууда Элчиликтин катышуусу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK