Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулу кыргыз диаспорасынын активисттери менен Элчиликте жолугушту

2023-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулу кыргыз диаспорасынын активисттери менен Элчиликте жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн  өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчиликтин өкүлдөрү мекендештерге чет өлкөлүк мекеменин укук коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери, жарандарды документтештирүү жагынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштер, барган мамлекеттин миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле ушул жылы өткөрүлгөн маанилүү эки тараптуу кыргыз-россия иш – чаралары тууралуу маалымат беришти.

Өзгөчө көңүл Россияда жүргөн мекендештер арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча иштерге бурулду.

Ошондой эле катышуучуларды кызыктырган маселелер, атап айтканда, «жүк 200» жөнөтүү, адвокаттар тарабынан юридикалык жардам көрсөтүү, эмгек акы төлөбөй койгон учурлар, жарандарды документтештирүү, медициналык камсыздандырууну каттоо жана башка маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Консул М.Жолдошбеков диаспоранын активисттерине дипломатиялык өкүлчүлүк менен активдүү өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK