Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча аткарылган иштери тууралуу

2022-жылдын 1-февралынан 28-февралына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылды.

КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында КР жарандарынын катышуусунда болгон окуялар боюнча Россиянын укук коргоо жана сот органдарына, ооруканаларга жана башка жерлерге 17 жолу баруу жүргүзүлдү. Атап айтканда, төмөнкүлөр аткарылды:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын сотто коргоо максатында Москва шаарындагы жалпы юрисдикциядагы сотторго 6 жолу баруу;
  • Иш берүүчүлөр тарабынан мекендештерге эмгек акы төлөнбөй жаткандыгы боюнча жарандардын иштеген жерине 3 жолу баруу;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Москва шаарынын Ички иштер бөлүмдөрүнө 3 жолу баруу;  
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөдөн чыгаруу процессин тездетүү маселесин чечүү, ошондой эле Борбордо убактылуу кармалып турган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларды  кармоо шарттары менен таанышуу үчүн Сахарово шаарындагы Убактылуу кармоочу жайга Элчиликтин кызматкерлери 3 жолу барды;
  • Чет өлкөлүк жарандардын медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу тартиби менен таанышуу үчүн «Сахарово» Көп функционалдуу миграциялык борборуна (КФМБ) 2 жолу баруу.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын 15 жаранына иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөй жаткан 1 496 131 рубль өлчөмүндө эмгек акысын алууга жардам көрсөтүлдү.

Элчилик ошондой эле Кыргызстандын каза болгон 13 жаранынын сөөгүн («Жүк-200») мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам көрсөттү. Өз кезегинде мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди.

Кыргызстандын коомдук бирикмелери менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат менен Москва шаарындагы ири кыргыз диаспоралык уюмдардын бири менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө катышуучулар менен эмгек миграциясы жаатында жана аларды чечүү боюнча пикир алмашуу болуп, көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, Элчилик Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов баштаган парламенттик делегациянын Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери жана активисттери менен жолугушуусун уюштуруп, анын алкагында Кыргызстандын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Отчеттук мезгилде консулдук иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу А.Букалаевдин төмөнкү жолугушуулары өткөрүлдү:

  • Москва шаарынын Өкмөтү (мэрия) менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле Бишкек шаарында миграциялык борборду ачуу маселеси боюнча Москва шаарынын коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Демин менен;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо маселеси боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын ЧЖУКЖ (ЦВСИГ) башчысы А.Лагода менен; 
  • ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарына Россияда жүрүү үчүн зарыл болгон милдеттүү жол-жоболордон өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселеси боюнча «Сахарово» КФМКсынын башкы директору С.Балдин менен.  

Оозеки кайрылууларды кароо боюнча Элчиликтин иш-чарасынын алкагында дипломатиялык өкүлчүлүктүн интернет-кабылдамасына келип түшкөн 239 жарандардын кайрылууларына жана «ишеним телефондору» аркылуу кайрылган 2000ге жакын жарандарга тиешелүү жооптор жана консультациялар берилип, 1007 жаранга «өзүн өзү тейлөө менюсу» - чат-бот платформасы аркылуу кеңеш берилди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 7 миңге жакын консулдук иш-чаралар жүргүзүлдү:

Кызмат көрсөтүүлөрдүн/тейлөөлөрдүн аталышы

Саны

Жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө

1 188

ID-паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө  

515

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө

289

Жалпы жарандык (чет элдик) паспорттор берилген

665

ID-паспорт берилген

377

Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүктөр берилген

1 101

Консулдук каттоого тургузуу/ консулдук каттоодон чыгаруу

1 233

ПИН берүү/оңдоо

717

Документтерди сурап алуу

539

Улуттук салттар боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга фамилия берүү, калктуу конуштардын атын өзгөртүү боюнча справкаларды берүү

220

Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын орнотуу

32

Нотариалык кызматтар

118

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK