Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Армения Республикасындагы жана Армения Республикасында айкалыштырып иштөө менен дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Армения Республикасынын Президенти А.Саркисян мырзага Ишеним грамотасын тапшырды

2019-жылдын 5-декабрында Ереван шаарында Президенттик салтанаттуу сарайда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Армения Республикасындагы жана Армения Республикасында айкалыштырып иштөө менен дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов  Армения Республикасынын Президенти А.Саркисян мырзага Ишеним грамотасын тапшырды.

Ишеним грамотасын тапшыруу аземинен кийинки маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар азыркы саясий кырдаалды, коопсуздук чөйрөсүндөгү, ЕАЭБ алкагында жана эки тараптуу форматтагы мындан аркы экономикалык кызматташуунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулашты, ЕАЭБ алкагындагы кызматташуунун пайдалуу тараптары, туризм, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуу тууралуу пикир алмашышты.

Учурдан пайдаланып, Элчи А.Джекшенкулов үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ЕАЭБне мүчө-мамлекеттерине жана соода өнөктөштөрүнө маанилүү документке кол коюу мүмкүнчүлүгү ачылган ЕАЭБнин Саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен Президент А.Саркисянды куттуктады.

Армениянын Президенти А.Саркисян Элчи аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековду ага ыңгайлуу мезгилде Арменияга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Расмий чакыруу дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча кыргыз-армян байланыштарын мындан ары бекемдөө жана кеңейтүү боюнча ишенимдерин билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Армения Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Ш.Кочарян жана башка расмий адамдар менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги мындан аркы саясий байланыштарды, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар 2020-жылдын март-февраль айларында  соода-экономикалык, социалдык жана илимий-техникалык, маданий кызматташуу боюнча кыргыз-армян комиссиянын 1-жыйынын өткөрүүнү белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK