Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Фархат Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев Кыргызстандын бизнес делегациясы менен жолугушту

2022-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Фархат Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев ата мекендик продукцияларынын көргөзмө-жарманкесине жана кыргыз-сауд бизнес форумуна (2022-жылдын 24-27-февралында) катышуу үчүн Эр-Рияд шаарына келген Кыргызстандын бизнес делегациясы менен жолугушту.

Кыргызстандын бизнес делегациясы тамак-аш өнөр жайынын, энергетика жана туризм чөйрөнүн, каржы институттарынын, логистикалык компаниялардын, эл аралык уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасындагы долбоорлордун (UNDP, JICA “Бир айыл – бир продукт”) 30дан ашык өкүлдөрүнөн турган.

Элчи У.Марипов жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери бизнес делегацияга Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү жана ата мекендик жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо тууралуу мамлекеттик саясат жөнүндө маалымат беришти.

Ишкердик тыгыз байланыштарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын бизнес-коомчулуктарынынын ортосунда мезгилдүү жолугушууларды жана форумдарды өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Эки тараптуу сооданы арттыруу үчүн эки өлкө ортосунда жүк ташуу үчүн ыңгайлуу логистикалык каттамдарды түзүү зарыл экендиги белгиленди.

Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги менен бирге Сауд Арабиянын ири холдингдерин жана компанияларын Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайы, энергетика жана анын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм тармактарына тартууга даяр экендигин билдирди.

Ушуну менен бирге, “Кыргыз-Сауд Бизнес Кеңешин” түзүү жана Сауд Арабиянын рыногунда кыргыз продукциясынын “Соода үйүн” ачуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын бизнес делегациясынын бардык суроолоруна жооптор берилди, анын ичинде биздин республиканын бизнес-коомчулугу тиешелүү мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы Элчилиги менен тыгыз өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK