Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмуралиев проф. д-р. Хайреттин Ивгин жана Түркиянын Токат провинциясынын мурунку губернатору Айхан Насухбейоглу менен жолугушту

2021-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмуралиев проф. д-р. Хайреттин Ивгин жана Түркиянын Токат провинциясынын мурунку губернатору Айхан Насухбейоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө проф. д-р. Х.Ивгин ушул эле аталыштагы кыргыз эпосунун негизинде жазылган жана буга чейин түп нускасы түрк тилинде жарыяланган "Манас" аттуу китебинин кыргыз тилине которулушу жана басылышы жөнүндө маалымат берди. Китеп азербайжан жана өзбек тилдерине да которулган, жакында казак, түркмөн жана орус тилдерине которуп, басып чыгарууну пландаштырууда. Автор белгилегендей, китептин кыргызча котормоосу Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) жардамы менен басылып чыккан.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев авторго «Манас» эпосун жана ошол эле учурда кыргыз маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK