Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту

2021-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда элчи К.Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK