Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги электрондук форматта виртуалдык көңүл айтуу китебин ачты

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында Улуттук аза күтүү күндөрү катары жарыялангандыгына байланыштуу жана Түркиядагы COVID-19’га байланыштуу учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги электрондук форматта виртуалдык көңүл айтуу китебин ачты.

Көңүл айтуу каттар 2021-жылдын 3-майынан 5-майына чейин электрондук почта аркылуу кабыл алынат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK