Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кассациялык Сотунун Башкы прокурору Бекир Шахин менен жолугушту

2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Кассациялык Сотунун Башкы прокурору Бекир Шахин менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Түркиянын бардык облустарында жашаган кыргыз жарандарынын укуктук статусун талкуулашты жана эки тараптуу негизде да, Түрк Кеңешинин алкагында көп тараптуу форматта эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын бул багытта мындан ары жемиштүү кызматташуусуна ишенимин билдиришти.

Элчи Өмүралиев менен Башкы прокурор Шахин Кыргыз Республикасынын жарандары Түркияда укук бузууларды жасоодо тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK