Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россия Федерациясынын тышкы саясий ведомстволорунун Башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышты (4-апрель, Москва шаары).
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, мындан аркы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн форматы боюнча пикир алмашышты.