Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов жогорку деңгээлде боло турган иш-сапардын маселелерин телефон аркылуу талкуулашты

Бүгүн, 2019-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Маектин жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жандандырууга өзгөчө  көңүл бурушту жана бул багытта мындан аркы конкреттүү чаралар жөнүндө пикир алмашышты. Бул контекстте министрлер жогорку деңгээлде боло турган иш-сапардын маселелерин талкуулашты.

Министр Ч.Айдарбеков Арыс шаарындагы өзгөчө абалга байланыштуу өз визависине колдоо көрсөтүү сөзүн билдирди.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK