Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А. Казакбаев БУУнун Борбордук Азия боюнча Башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун Башчысы Наталья Герман менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 16-сентябрында Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А. Казакбаев БУУнун Борбордук Азия боюнча Башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун Башчысы Наталья Герман менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар региондогу кырдаалдын өнүгүү динамикасын, анын ичинде Афганистанда жүрүп жаткан процесстерге, ошондой эле БУУнун БККБнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселелерине байланыштуу, Борбордук Азияда туруктуу тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыздоо максатында БУУнун БККБнын превентивдүү дипломатия механизмдерин колдонуу боюнча дараметин колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Р.А. Казакбаев Кыргыз Республикасынын делегациясы келээрки аптада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын ишине катыша тургандыгы, ошондой эле Нью-Йоркто БУУнун жетекчилиги менен пландалган жолугушуулар тууралуу маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK