Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев КМШ ТИМК кезектеги жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 2-апрелинде Москва шаарында боло турган КМШга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эл аралык күн тартибинин  жана Шериктештиктин алкагындагы кызматташуунун, КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоону, ошондой эле бир катар документтерди, анын ичинде КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумуна киргизиле турган документтерди кароону пландаштырууда.
Мындан тышкары, тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызмтташуу стратегиясын, 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин эл аралык жаштар кызматташуусунун стратегиясын, ошондой эле 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин туризм жаатындагы кызматташуу стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын бекитишет.
Ошондой эле, тараптардын кызыкчылыктарын камтыган маселелерди талкуулоо максатында Министр Руслан Казакбаевдин КМШнын бир катар мамлекеттеринен кесиптештери менен жолугушуулары пландаштырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK