Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев АКДНнын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха менен, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту

2021-жылдын 10-декабрында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха менен анын Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүн, тоолуу аймактарын, маданиятын жана экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Шамш Кассим-Лакханы Кыргыз Республикасы менен АКДНдин ортосундагы Кызматташуу келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады.

Министр өзгөчө Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин билим берүү менен илимди өнүктүрүү боюнча таанылган аймактык борбор катары ишмердүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле АКДНдин Афганистандагы азыркы абалдан улам оор кырдаалга туш болгон Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга көрсөткөн жардамын жогору баалады.

Ошондой эле, министр Руслан Казакбаев Дипломатиялык өкүл Шамш Кассим-Лакхага 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн, Кыргыз Республикасындагы саясий циклди аяктаган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде АКДНдин Дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха министр Руслан Казакбаевге министрлик тарабынан АКДНге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан саясий өзөрүүлөрдү жана 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын оңунан белгиледи.

Ал Нарын шаарында Борбордук Азия университетинин ишмердигинин жана Афганистандагы билим берүү ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге, Шамш Кассим-Лакха АКДНдин Кыргыз Республикасында билим берүү долбоорлорун ишке ашырууну улантууга даярдыгын ырастады.

Мындан тышкары, АКДНдин Дипломатиялык өкүлү Кыргыз Республикасында шаардык инфраструктураны жана башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр экендигин билдирди. Ал Уюмдун долбоорлорунун бири да ишке ашмайынча токтобой турганын баса белгиледи.

Ошондой эле Дипломатиялык өкүл Афганистандык кыргыздарга АКДНдин Кабулдагы өкүлчүлүгү тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам, анын ичинде жеткирилип жаткан гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге, ал бул маселеде Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги активдүү жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Руслан Казакбаев АКДНдин Дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакхага Кыргыз Республикасы менен АКДНдин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө министр ага «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» медалын тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK