Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин расмий ачылыш аземи болду

2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында КР Венгриядагы Элчилигинин расмий ачылыш аземи болду.

Элчиликтин расмий ачылыш аземине Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто, ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, КРнын  Венгриядагы  Ардактуу консулу Э.Эрдош, ошондой эле Венгриянын ЖОЖдорунда окуган КР жарандары катышты.

КР Венгриядагы Элчилигинин расмий ачылыш аземинин жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев венгер тарапка жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртого Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигин ачуу маселесине колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. КР Президентинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы Жарлыгы менен КР Венгриядагы Элчилиги түзүлдү. Венгрияда КР элчилигинин ачылышы эки тараптын ийгиликтүү жана кылдат ишинин жыйынтыгы жана Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп калды. Министр Р.Казакбаев ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу КР Венгриядагы Элчилигинде шайлоо участогун ачуу пландалып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.

Министр Р.Казакбаев Венгрия менен стратегиялык өнөктөштүк жалпысынан ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын жана ушул жылдын 4-октябрында Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны өткөрүлө тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, келээрки жылы Кыргыз Республикасы менен Венгрия дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет, ушуга байланыштуу бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK