Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азияда Израиль Мамлекетинин Туризм министри Йоэль Развозов менен жолугушту

2021-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешинин министрлердин 6-жыйынынын алкагында Израиль Мамлекетинин Туризм министри Йоэль Развозов менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-израиль кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, туризм жаатында жана өз ара кызыгууну жараткан башка тармактарда өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Й.Развозовду туризм министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Министр Й.Развозов, өз кезегинде, жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK