Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин  Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 13-октябрында Минск шаарында КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин  Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Министр Р.Казакбаев белорус кесиптешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий абал жана 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоо тууралуу кыскача маалымат берди. Ушуга байланыштуу ал белорус тарапты байкоочу катары катышууга чакырды.

Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду активдештирүүнү жана 2021-жылдын июнунда ТИМдер аралык саясий консультациялардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кеңири талкуулашты.

Биргелешкен аймактык бирикмелердин – КМШнын, ЕАЭБдин, ЖККУнун алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын улантуу зарылдыгы белгиленди.

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулоо жагынан министрлер биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 10-жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, эки тараптуу бизнес форумду, регионалдык форумдарды уюштуруу, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты күчөтүүнүн максатка ылайыктуулугу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана түрдүү тармактарда биргелешкен ишканаларды ачуу жөнүндө макулдашышты.

Тараптар эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүү жана өз ара колдоо маселелерине да көңүл бурушуп, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине токтолушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK