Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президентинин Аппаратынын Эл аралык иштер боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушту

Германияга болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 28-мартында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президентинин Аппаратынын Эл аралык иштер боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин түптөлгөндөн берки акыркы 30 жыл ичинде саясий чөйрөдөгү өнүгүү деңгээлин жогору баалап, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта эки өлкөнүн кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышты.

Министр Р.Казакбаев герман тарапка Кыргызстандын Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча позициясы тууралуу кеңири маалымат берди жана эл аралык ортомчулук аракеттери каралды. Кыргызстандын БУУнун Уставына жана эл аралык укук принциптерине берилгендиги, ошондой эле өлкөнүн диалогдук аянтча берүүгө даярдыгы баса белгиленди.

Афганистандагы окуялардын регионго тийгизген таасири, эл аралык коопсуздукту чыңдоо жолдору боюнча пикир алмашуу болду. Германия тараптын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну арттырууга кызыкдар экени баса белгиленди.

Тараптар ошондой эле саясий диалогду мындан ары бекемдөө жана кыргыз-герман мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу максатында быйылкы жылы бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK