Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “Маариф” Фондунун Президентин жана Башкармасынын мүчөсү Бирол Акгюн жана Махмут Мустафа Оздилди кабыл алды

2021-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “Маариф” Фондунун Президентин жана Башкармасынын мүчөсү Бирол Акгюн жана Махмут Мустафа Оздилди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министри конокторду Бишкекте заманбап «Маариф» билим берүү комплексинин ачылышы менен куттуктап, Кыргызстанда «Маариф» билим берүү комплексинин ачылышы билим берүүнү өнүктүрүүгө зор салым жана өлкөнүн келечегине мыкты инвестиция экенин баса белгиледи. 

Министр жаңы билим берүү комплекси ушундай дэңгээлдеги билим берүү жайларына талап кылынган бардык заманбап стандарттарга жооп берерин канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде «Маариф» фондунун президенти Б.Акгюн Министрдин кабыл алуусу жана куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле «Маариф» жеке билим берүү мекемелерин Кыргыз Республикасында ачуу жана иштетүү боюнча Макулдашууга кол коюга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 2020 -жылдын 10 -ноябрында Түркия Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен  «Маариф» түрк фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында «Маариф» жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү боюнча келишимге кол коюлган.

Ошону менен бирге, «Маариф» Фондунун жетекчиси учурда мектеп Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын чечимине ылайык иштөөгө жана 2021-жылдын 15-сентябрынан тартып окутууну баштоого толугу менен даяр экенин белгиледи.

Бул билим берүү мекемесинин балдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык кыргыз жана орус тилдеринде, ошондой эле дүйнөлүк билим берүү стандарттары боюнча «Кембридж» системасынын эл аралык программасына ылайык англис тилинде окутулат. Бирол Акгюн Фонддун келечектеги пландары жөнүндө, атап айтканда - болжолдуу түрдө кийинки окуу жылына карата Ош шаарында, мүмкүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын балдарын   жана орто мөөнөттүү келечекте Кыргызстандын башка региондорун камтуу менен республиканын региондорунда «Маариф» билим берүү комплекстеринин пландаштырылган ачылышы тууралуу маалымат берди.

Министр Р.Казакбаев Фонддун билим берүү мекемелерин республиканын региондорунда, айрыкча ушул этапта Баткен облусунда калкка социалдык колдоо көрсөтүү үчүн ачуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле тышкы иштер министри «Маариф» мектептеринде социалдык статусу төмөн адамдарга (жетим балдар) жана өлкөнүн региондорунан жөндөмдүү балдарга билим берүү үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Жыйынтыгында Тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK