Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан ш. резиденциясы менен Австриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вилли Кемпель менен жолугушту

2021-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан ш. резиденциясы менен Австриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вилли Кемпель менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Австриянын Элчиси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Австриянын Элчисин Кыргыз Республикасындагы Элчи катары ишмердигинин башталышы менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, эң жогорку жана жогорку деңгээлде өз ара иш сапарларын уюштурууну, Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев келерки жылы Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгилене тургандыгын белгилеп, ушуга байланыштуу Австрия тарапка эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууну сунуштады. Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо зарылдыгы тууралуу пикирге келишти.

Тараптар 2020-жылы өткөрүлгөн Экономикалык байланыштар боюнча аралаш Кыргыз-Австрия комиссиясынын 7-жыйынынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жана Комиссиянын кийинки жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Австрия делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте жогорку деңгээлде өтүүчү ЕБ-БА 1-экономикалык форумуна катышууга чакырды. Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасында кыргыз-австрия бизнес форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Австриянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси В.Кемпель өз кезегинде, Австрия тараптын Кыргыз Республикасында экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Австриянын «жеңилдетилген» насыяларды (жеңилдетилген кредиттөө) берүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосунда орто билим берүү тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн, Кыргыз Республикасы менен Австриянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Австрия тарапка ошондой эле Кыргызстанда Австриянын соода, маданият жана билим берүү үйүн түзүү сунушталды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУ институттарынын алкагында көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK