Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Бразилиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рубем Антонио Корреа Барбоза менен жолугушту

2021-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Нур-Султандагы резиденциясы менен Бразилиянын Кыргыз Республикасына дайындалган Элчиси Антонио Корреа Барбоса Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев Бразилия Кыргыз Республикасынын Латын Америкасындагы маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. Алар өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Кайра иштетүү өнөр жайы менен айыл чарбасында, ошондой эле саламаттыкты сактоодо жана спортто кызматташуунун келечеги өзгөчө белгиленди.

Тараптар ошондой эле өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирип, ал үчүн өз ара сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Министр Р.Казакбаев Бразилиянын Тышкы иштер министри К.А.Франсты Кыргыз Республикасына келүүгө чакырды.

Алар көп тараптуу платформаларда тыгыз кызматташууга, анын ичинде эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Эки тараптуу укуктук базаны кеңейтүү максатында, элчи Барбозага тийиштүү сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн айыл чарба, инвестицияларды коргоо, туризм жана спорт жаатында эки өлкөнүн ортосундагы негизги келишимдердин жана кызматташтык меморандумдардын долбоорлору келип түштү. Тараптар 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын боло турган жыйынынын алкагында жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлорун мүмкүн болушунча тезирээк кароо ниетин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн жаңы сапаттык деңгээлине көтөрүлөрүнө ишеним артышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK