Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козловду кабыл алды

2021-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козловду Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндө аймактар аралык кызматташуунун маселелерин талкуулашты.

Тараптар 9-Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясын, Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумун, Кыргыз-Свердловск өкмөттөр аралык комиссиясын өткөрүү боюнча ишти өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Маектештер Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана конструктивдүү диалогду улантуу үчүн динамикалык өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK