Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сингапур Республикасынын тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен жолугушту

2021-жылдын 24-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сингапур Республикасынын тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен жолугушту.

 Тараптар соода  жана экономика, укуктук базаны жакшыртуу жана регионалдык коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргыз тарап ар кандай багыттагы эки тараптуу келишимдердин долбоорлорун тапшырды.

Руслан Казакбаев "ВСП +" статусун колдонуу менен соода жүгүртүүнү жогорулатууну, ошондой эле Кыргыз Республикасында биргелешкен ишканаларды ачууну жана тиешелүү инфратүзүмдү түзүүнү сунуштады.

Кыргыз тарап Сингапурдун мамлекеттик башкаруу, сот жана укук коргоо системасындагы реформалар, ошондой эле индустриалдык парктарды түзүү жана санариптештирүү тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлери Афганстандагы абал боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK