Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Вена шаарында ЕККУнун Башкы катчысы Хелга Мария Шмидт менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Австрия Республикасына иш сапарынын алкагында 2021-жылдын 30-сентябрында Вена шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Хелга Мария Шмидт менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты – Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык коопсуздук күн тартибин, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү, Афганистандагы окуялардын Борбордук Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасирин, ошондой эле ЕККУга мүчө мамлекеттерде чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды колдоо маселелерин талкуулоо.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомствосунун башчысы 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эл аралык байкоочуларынын миссиясын шайлоого карата көрүлгөн даярдыктарга байкоо жүргүзүүгө катышууга чакырды.

Р.Казакбаев ошондой эле келерки жылы ЕККУга кошулуунун 30 жылдыгына жана Кыргызстандын Хельсинки Корутунду Актысына кошулушуна карата ЕККУнун Башкы катчысынын, ДИАУБдун директорунун, ЕККУнун азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын, ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлүнүн жана ЕККУнун төрагалык үчилтигинин (Швеция, Польша, Түндүк Македония) өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлдеги биргелешкен конференцияны өткөрүүнү сунуштады. Эл аралык конференциянын алкагында Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты комплекстүү коопсуздуктун бардык үч өлчөмү боюнча өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын жана пландарын талкуулоо сунушталды.

Министр Р.Казакбаев Өкмөттүн Ирактан кыргыз жарандарынын 79 баласын кайтаруу боюнча ийгиликтүү иштери тууралуу маалымат берди жана репатриация жана реинтеграция боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүдө ЕККУдан колдоо сурады.

Министр ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин алкагындагы долбоорлорду мындан ары кеңейтүүнү жактады.

Өз кезегинде Х.Шмид Кыргызстандын коомду демократиялаштыруу жана саясий реформаларды ишке ашыруудагы олуттуу жетишкендиктерин белгилеп, ЕККУнун алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга эл аралык байкоочулар миссиясын жөнөтүүгө даяр экендигин ырасташты.

Х.Шмидт Афганистандагы акыркы аскердик-саясий өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, коопсуздукту камсыздоо жагынан ЕККУнун Кыргызстан жана Борбордук Азия менен эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Ал ошондой эле Кыргызстанга ЕККУнун талаа миссияларында иштеген кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

Башкы катчы Х.Шмид Кыргызстандын Афганистан жаштарына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 500 виза берүүгө даярдыгы жөнүндөгү демилгесин кубаттады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK