Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын Улуттук жыйынынын Төрагасы Ласло Кевер менен жолугушту

2021-жылдын 4-октябрында Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгриянын Улуттук жыйынынын Төрагасы Ласло Кевер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаев венгер тарапка Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигин ачуу маселесине колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Министр Р.Казакбаев ошондой эле Венгриянын Парламентинин Спикерине 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтө тургандыгын кабарлады. Ушуга байланыштуу парламенттик шайлоогокарата КР Венгриядагы Элчилигинде шайлоо участогун ачуу пландалып жаткандыгын маалымдады.

КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Л.Кеверге КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакыргандыгын жеткирди.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр Р.Казакбаев ошондой эле Л.Кеверге Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто менен болгон сүйлөшүүлөрдүн, Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 1-отурумунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашуусу менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштей баштагандыгы жөнүндө билдирди.

Министр Будапешт-Бишкек түз авиакаттамын жакын арада ачуу маселеси боюнча тараптардын жүргүзгөн ишин белгиледи. Венгриянын Парламентинин Спикири Л.Кеверге Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттери үчүн каралган квоталардын саны 200 орунга чейин көбөйтүдгөндүгү жөнүндө макулдашууга жетишилгендигин кабарлады.

Өз кезегинде, Венгриянын Улуттук жыйынынын Л.Кевер венгер тарап Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирип, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү кубаттай тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK