Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Вьетнам Социалисттик Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань айымдын Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

2021-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Вьетнам Социалисттик Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань айымдын Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Министр Р.Казакбаев Элчи Нгуен Тхи Хонг Оаньды Кыргыз Республикасындагы Элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Вьетнамдын жаңы Элчисинин дайындалышы менен кыргыз тарабы кыргыз-вьетнам мамилелерин өнүгүшүн жана андан ары активдешүүсүн байланыштырарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду активдештирүү, эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну, соода-экономикалык байланыштарды жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү боюнча, эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин жаңы баскычка, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу аркылуу көтөрүүнүн мындан аркы пландарын белгилешти.

Өз кезегинде, Вьетнамдын Элчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине Вьетнам киргизилгендиги үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирип, аталган чара туризм багытындагы кызматташтыкты активдештирүүгө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK