Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарына  болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жана регионалдык иш-чаралардын графигин, 2021-2027-жылдарга көп жылдык индикативдүү программанын алкагында бюджеттик колдоонун артыкчылыктарын талкуулоону улантышты.

Ошондой эле 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги - Борбор Азия биринчи экономикалык форумун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Афганстандын айланасындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, тынчтыкты сактоо жана өлкөдө зомбулукту алдын алуу боюнча жалпы кызыкдарлыгын белгилешти.  Тараптар Европа Биримдигинин бул багыттагы ыкмаларын жана андан аркы пландарын, ошондой эле афган калкына, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Т.Хакала Европа Кеңешинин Президенти С.Мишелдин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго даректелген, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоосу менен кошо Брюсселге ыңгайлуу убакытта келип кетүүгө чакыруусун тапшырды.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча байланышта болууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK