Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши менен телефондук сүйлөшүүсү болду

2022-жылдын 1-февралында пакистан тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши менен телефондук сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Пакистандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы 2021-жылдын 19-декабрында Исламабад шаарында болуп өткөн Ислам кызматташтыгы уюмунун Тышкы иштер министрлеринин 17чи кезексиз отурумуна Кыргыз Республикасынын жогорку деңгээлде катышкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде, Министр Р.Казакбаев пакистан тарабына аталган иш-чараны мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бүгүнкү күндө Афганистан экономикалык, финансылык, гуманитардык жана энергетикалык татаал кризисти башынан өткөрүп жаткандыгын белгиледи жана ушуга байланыштуу ИКУ ТИМдер отурумунда кабыл алынган резолюциянын алкагында афган элине жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын Тышкы иштер министрлери эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн (2022-ж. 10-майы) 30 жылдык мааракесин өткөрүү планын жигердүү талкуулап, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык ж.б. багыттарда кызматташуунун «Жол картасын» биргеликте иштеп чыгып, ишке ашырууга макулдашышты.

Тараптар ар кандай деңгээлдерде жана багыттарда делегациялар менен алмашууну туруктуу негизде активдештирүү тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK