Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү
2022-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге төрагалыгынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты, ошондой эле Министр Р.Казакбаевдин жакында Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.