Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Штирия шаарынын  Соода - өнөр жай палатасынын директору К-Х Дерношег жана санариптештирүү, маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана инфратүзүмдү жакшыртуу тармагындагы австриялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү

2021-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Австрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында анын Штирия шаарынын  Соода - өнөр жай палатасынын директору К-Х Дерношег жана санариптештирүү, маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана инфратүзүмдү жакшыртуу тармагындагы австриялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү.

Жогоруда көрсөтүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев Австриядагы региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну, ошондой эле өнөр жайды, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин маалымдады. Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын региондору  Австриянын региондору менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык байланыштарды, боордош мамилелерди түзүүгө кызыкдар жана даяр экендигин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле КР менен Австриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу мамилелерин талкуулашты.  Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусунун олуттуу пайдаланылбаган дараметин жана өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Р.Казакбаев экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында ишти улантуунун жана 2022-жылы Бишкек шаарында комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Штирия регионунун өкүлдөрүн 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Мындан тышкары, тышкы саясий ведомствонун башчысы кыргыз тарабы австриялык тарап менен  айыл чарба, гидроэнергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, санариптештирүү сыяктуу биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыра ала турган КРнын экономикасы үчүн маанилүү багыттарды белгиледи.

Тараптар ошондой эле австриялык компаниялардын инвестицияларын КРнын экономикасына тартуу, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү сыяктуу чөйрөлөрлө Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «жумшак» насыяларды (жеңилдетилген насыя) берүү мүмкүнчүлүгүн кароо маселелери боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK