Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында бак-дарактарды отургузуу аземи болуп өттү

2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында бак-дарактарды отургузуу аземи болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Андраш Барани, ошондой эле Будапешттин 14 -"Зугло" районунун мэриясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Ардактуу консулу Эндре Эрдош катышышты.

Ч.Айтматов атындагы сейил багында бак-дарактарды отургузуу аземинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев венгер тарабына көмөк көрсөтүү жана Будапешт шаарындагы сейил бакка Ч.Айтматовдун атын ыйгаруу, улуу кыргыз жазуучусунун элесине урмат үчүн  ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев жакынкы арада Ч.Айтматовдун эстелигин анын атындагы сейил багына орнотуу маселесин жана сейил бакты мындан ары көрктөндүрүү пландары жөнүндө венгер тарабы менен талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK