Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Венгриянын Инновация жана технология министри Ласло Палкович менен жолугушуу өттү

2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Венгриянын Инновация жана технология министри Л.Палкович менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, Министр Р.Казакбаев Венгриянын Инновация жана технология министрлигинин илим, технология, өнөр жай парктарын түзүү жана инновацияларды жаратуу жаатындагы тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирди.

Министр Р.Казакбаев инновациялар жана технологиялар жаатында тажрыйба алмашуу, инновацияларды жана алдыңкы технологияларды айыл чарба, өнөр жай жана туризмге киргизүү үчүн Венгриянын Инновация жана технология министрлиги менен Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын ортосунда биргелешкен жумушчу топторду түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Министр Р.Казакбаев ошондой эле Л.Палковичке Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр, Кыргыз-Венгрия Стратегиялык Кеңешинин 1-жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишке киришкенин жарыялады.

Мындан тышкары, Р.Казакбаев Л.Палковичти 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган Биринчи Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Министр ошондой эле кийинки жыйыны ушул жылдын 2-3-ноябрына пландаштырылган соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

Венгриянын инновация жана технология министри Л.Палкович Кыргыз Республикасынын Венгрия менен стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле жогорку технологияларды, инновацияларды ишке ашыруу, илим жана технопарктарды түзүү, билим берүүгө инновацияларды киргизүү, илимий борборлорду түзүү жана башка долбоорлор боюнча Венгриянын тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди. Л.Палкович кыргыз тарап менен мүмкүн болгон кызматташтыктын багыттарын аныктоону жана кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында ишти улантууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу боюнча тиешелүү келишимге кол коюуга даярдоону сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK