Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун жаңы Туруктуу координатору Кристин Антье Гравени кабыл алды

2022-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун жаңы Туруктуу координатору Кристин Антье Гравени кабыл алды.

Жолугушуу Кристин Антье Гравени БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун жаңы Туруктуу координатору катары аккредитациялоочу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземинен башталды. Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун эки тараптуу кызматташтыгына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Маектин жүрүшүндө 2022-жылдын 10-июнунда кол коюлган Туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча БУУнун тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу боюнча БУУнун Кеңсесинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен кызматташуусу боюнча маселелерге көңүл бурулду. БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Кристин Антье Граве Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча иштерди улантууга даярдыгын билдирди.

Өз учурунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтөрүнө ишендирди. Ошону менен бирге, Министр тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемасын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кабарлады. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен кабыл алынган «Жаратылыш чектөөнү тааныбайт…» жана «2022-жыл — Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп аталган БУУнун резолюциялары кабыл алынганы айтылып, Кыргызстандын өлкөлөр, БУУнун институттары жана кызыкдар тараптардын баары менен кабыл алынган резолюцияларды жана келечектеги эл аралык демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууга умтулары белгиленди.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы жаңы Туруктуу координатору аталган демилгелердин маанилүү экенин белгилеп, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдары менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK