Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар мырзага Гуджарат штатында болгон каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мырза Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар мырзага  Индиянын Гуджарат штатында көпүрө кыйрап, адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Индиянын Гуджарат штатындагы Морби асма көпүрөнүн урашынан улам адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул оор учурда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, жабыр тарткан жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин көңүл айтуусунда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK