Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Корея Республикасынын Тышкы иштер министри Пак Чин мырзага Сеул шаарындагы каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мырза Корея Республикасынын тышкы иштер министри Пак Чин мырзага Сеул шаарындагы массалык тыгында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Сеул шаарынын Итэвон районундагы орун алган тыгындын кесепетинен көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткан адамдардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин көңүл айтуусунда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK