Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Минск шаарында ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер министрликтеринин башчылары эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалы жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле ЖККУ менен эл аралык уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар боюнча пикир алмашууну пландаштырууда.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында Беларусь Республикасында өткөрүлө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүүнүн жүрүшү каралат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK