Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапары менен барды

Монголиянын Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэгдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Монголияга расмий сапары менен барды.

Расмий сапардын алкагында Монголиянын Тышкы иштер министри Б.Батцэцэг менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле Монголиянын Президенти У.Хурелсух менен жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына КР Айыл чарба министри А.Жаныбеков, КР Экономика министринин орун басары И.Асылкулов, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.Абдувапов кирген, алар Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин, Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин, Салык кызматынын жана Токой чарба агенттигинин жетекчилери менен жолугуушуларды өткөрүшөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK