Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү

2022-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларга, БА жана ШКУ ТИМК, анын ичинде Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле эң жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу боюнча сааттарды тууралашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK