Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглу менен жолугушту

2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглу менен жолугушту.

Н.Ниязалиев Азербайжандын жаңы элчисин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Стамбулда Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышын, анын ичинде артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын карап чыгышты.

Министрдин биринчи орун басары кыргыз-азербайжан мамилелеринин деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө чейин көтөрүүнүн жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-отурумун өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда маектешүүлөр тарыхый калыптанган кыргыз-азербайжан мамилелерин мындан ары да кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иштөөгө бекем ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK