Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бириккен Улуттар Уюмунун  Кыргыз Республикасындагы Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин  башчысы Андрей Селезневду кабыл алды

2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бириккен Улуттар Уюмунун  Кыргыз Республикасындагы Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) программалык кеңсесинин  башчысы Андрей Селезневду кабыл алды.

Маектешүүчүлөр БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы учурдагы долбоорлорун ишке ашырууну, ошондой эле баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУ БКБнын орто мөөнөттүү программаларынын - Борбордук Азия мамлекеттери үчүн БУУ БКБнын программасы жана Афганистан жана коңшу өлкөлөр үчүн Регионалдык программасынын алкагында кызматташуу маселелери да каралды. Атап айтканда, консультациялардын жана Программанын жетектөөчү комитетинин жыйынынын жүрүшүндө белгиленген, өлкөнүн улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен Борбордук Азия мамлекеттери үчүн БУУ БКБнын жаңы программасын иштеп чыгууга жана кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK