Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы, Элчи Эдуард Ауэр менен жолугушту

2022-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы, Элчи Эдуард Ауэр менен жолугушту.

Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерге арналган жолугушууда жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу, Көп жылдык индикативдик программанын алкагында мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлор жана программалар аркылуу өз ара аракеттенүү боюнча жакынкы келечектеги пландар талкууланды.

Евробиримдиктин “Глобалдык дарбаза” (Global Gateway) жаңы стратегиясы ишке киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги өзүнчө талкууланды.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерге, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаалдын өнүгүшүнө да токтолушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK