Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Парламентинин депутаты Норберт Нойзер менен жолугушту

2021-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Парламентинин депутаты Норберт Нойзер менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-европалык өз ара аракеттенүүнүн ырааттуу өнүгүшүнө канааттангандыктарын билдиришти. Акыркы жылдары позитивдүү динамикага ээ болуп жаткан эки тараптуу өнөктөштүктүн достук мүнөзү баса белгиленди. Тактап айтканда, ушул жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги бир катар байланыштар болуп өтөт.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди мындан ары кеңейтүү зарылдыгы да белгиленди. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууну тез арада түзүү чоң мааниге ээ экендиги белгиленди. Тараптар эки жактын кызыкчылыгына кызмат кылган баарын камтыган документти колдоого даяр экендигин билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы учурдагы кырдаалга токтолуп, Н.Ниязалиев чыр-чатакты тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ок атышпоо жана аскерлерди чыгарып кетүү боюнча буга чейин жетишилген келишимдерди сактоо зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда, ал Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана эл аралык милдеттенмелерди жана келишимдерди карманып жаткандыгына ишендирди. Министрдин биринчи орун басары ошондой эле Европа Биримдигинин Баткен облусундагы калыбына келтирүү жана тынчтыкты орнотуу иштеринде колдоосуна үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде, Н.Нойзер кыргыз-тажик чек арасындагы адамдардын өлүмүнө жана жаңжалдардын көптөгөн курмандыктарына байланыштуу кыргыз элине көӊүл айтып, тилектештигин билдирип, анын кесепеттерин жоюу боюнча кыргыз бийлигинин макулдашылган иш-аракеттерин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK