Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Франциянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, «Франция – Борбордук Азия» достук тобунун төрайымы Натали Серр менен жолугушту

2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Франциянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, «Франция – Борбордук Азия» достук тобунун төрайымы Натали Серр менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нуран Ниязалиев Кыргызстандагы маанилүү саясий трансформациялар тууралуу маалымат берип, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун өткөрүлгөндүгүнө, жаңы Конституциянын кабыл алынгандыгына жана башкаруунун жаңы формасы киргизилгендигине көңүл бурду. Ал ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, аларга эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕКПА, ЕККУ/ДИАУБ миссияларынын курамында Франция Парламентинин депутаттары тарабынан берилген бааны белгиледи.

Тараптар кыргыз-француз мамилелеринин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү ролун эске алуу менен, тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда иш сапарлар менен алмашуу ниетин ырасташты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү үчүн Франция Парламентинде такшалмадан өтүүнү жана таанышуу сапарларын уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Франция Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK