Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ирандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази менен жолугушту

2021-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ирандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелерин, анын ичинде эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында өнүктүрүү маселерин талкуулашты. Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин Кыргыз Республикасына болгон жумуш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.

Учурдан пайдаланып, министрдин Биринчи орун басары Н.Ниязалиев Элчи С.Харазини Иранда президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, кыргыз тарабынын Ирандын шайланган Президенти Аятолла Сейед Эбрахим Раисинин ушул жылдын 5-августунда өтө турган инаугурациясына катышуу ниетин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда тараптар Афганистандагы жана анын чектеш аймактарындагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту эртерээк орнотуу үчүн өлкөлөрдүн афгандар арасындагы элдешүү процессин колдоого умтулуусун белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK