Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин статс-катчысы Манлио Ди Стефано менен жолугушту
2021-жылдын 16-июлунда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин статс-катчысы Манлио Ди Стефано менен жолугушту.
Н.Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи.
Тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, анын ичинде “Борбор Азия + Италия” кызматташуу форматында уюштурууну талкуулашты.
Мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды түзүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жана диверсификациялоонун маанилүүлүгү өзүнчө талкууланды.
Н.Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылы ноябрда Бишкекте өтө турган Биринчи ЕС-СА Экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Министрдин орун басары Ди Стефано италиялык тараптын эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.
Тараптар кыргыз-италия өз ара кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.