Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыковдун деңгээлинде кыргыз-казакстандык Тышкы иштер министрликтеринин кеңешмеси болуп өттү

2021-жылдын 4-февралында Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыковдун деңгээлинде кыргыз-казакстандык Тышкы иштер министрликтеринин кеңешмеси болуп өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-казакстандык эки тараптуу кызматташтыгынын күн тартибинин бир катар актуалдуу саясий, соода-экономикалык, чек ара, транспорт, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Казакстан Республикасына боло турган сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Консультациялардын аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдөгү тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, ошондой эле Кыргызстандын жарандары кыргыз-казакстандык мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ишеним билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK