Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин жана Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Херейджи менен Эр-Рияд шаарында жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 27-февралында Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын көргөзмө-жарманкесинин жана кыргыз-сауд бизнес форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин жана Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Херейджинин жолугушуусу болуп өттү.

Ошондой эле аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты жана эки өлкөнүн  саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого багытталган натыйжалуу кадамдарды белгилешти.

Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, тышкы иштер министрлер аралык саясий консультацияларды өткөрүү, биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, үзгүлтүксүз түз аба каттамдарды ачуу жана туризмди өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти. Эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу, тараптар 2022-жылы бир катар  иш-чараларды (Маданият күндөрү, бизнес-форумдарды, туристтик жарманкелерди жана илимий конференцияларды) биргелешип өткөрүү боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун аягында, Министрдин орун басары А.Артыкбаев Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын көргөзмө-жарманкесин жана кыргыз-сауд бизнес форумун жогорку деңгээлде уюштурууга көмөк көрсөткөн Сауд Арабиянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK