Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Баку шаарында жайгашкан Швеция Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кристиан Камиллди кабыл алды

2022-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Баку шаарында жайгашкан Швеция Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кристиан Камиллди кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин абалын, ошондой эле үстүбүздөгү жылы, анын ичинде быйыл Кыргызстан менен Швециянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында боло турган иш сапарлардын жана иш-чаралардын графигин талкуулашты. Швед тарап эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эл аралык күн тартиби, анын ичинде Украинадагы кырдаал боюнча саясий жана коопсуздук маселелери боюнча өзүнчө пикир алышты. Тактап айтканда, А.Молдогазиев Кыргыз Республикасы ар кандай чыр-чатакты сүйлөшүүлөр аркылуу саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керек деген позицияны кармана тургандыгын баса белгиледи. Кыргыз Республикасы БУУнун Уставында жана башка документтерде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин сактоонун чечкиндүү жактоочусу экендиги билдирилди. Министрдин орун басары А.Молдогазиев Кыргыз Республикасы Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинин башталышын колдой турганын жана тараптардын тез арада өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүсүнө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу ишенимдүү мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK