Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасынын Түркиянын Бурса шаарындагы Ардактуу консулу Билал Тутуш баш болгон түрк делегациясы менен жолугушту

​2022-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасынын Түркиянын Бурса шаарындагы Ардактуу консулу Билал Тутуш баш болгон түрк делегациясы менен жолугушту.

​А.Мадмаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын интенсивдүү мүнөзүн, ошондой эле 2021-жылы бир катар жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жана иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы активдүү диалог мындан ары да өнүгөт деген ишенимин билдирди. Кыргыз Республикасынын Бурса шаарындагы Ардактуу консулунун Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү консулдук аймагындагы ишинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, А.Мадмаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо зарыл экендигин билдирди. Бул максатта Министрлик түрк делегациясынын Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөттү.

​Б.Тутуштун айтымында, түрк делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын максаты инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, өндүрүш жана соода дараметин, потенциалдуу кызматташуу багыттарын изилдөө, ошондой эле Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүнүн жана тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK